БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар

Кыргызстанда гендердик зомбулукка каршы күрөшүү боюнча жаңы долбоор башталды

Кыргызстанда гендердик зомбулукка каршы күрөшүү боюнча жаңы долбоор башталды

Архивдик сүрөт

Өлкөдө "Footage", "Power Tools" фонддору гендердик зомбулукка каршы турууда диалог жана кызматташтык" аттуу жаңы долбоор баштады. Анын алкагында жергиликтүү уюмдарга жардам көрсөтүлүп, бул багыттагы көйгөйлөрдү чечүү үчүн узак мөөнөттүү чечимдер иштелип чыгат. Бул тууралуу "Интерньюс" эл аралык уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү билдирди.  

Долбоор АКШнын Кыргызстандагы элчилиги тарабынан колдоого алынган. Максаты – жабыр тарткан адамдарды колдоо, коомдогу эскирген стереотиптерди жок кылуу жана ар кайсы тармактагы уюмдардын өз ара кызматташуусун бекемдөө. Анда "Эл Агартуу" коомдук бирикмеси менен бирге иш алып барылат жана бир катар иш-чаралар өтөт Алар:

  • Гендердик зомбулукка каршы күрөшүү боюнча тренингдер жана вебинарлар;
  • Коомдогу терс маданий түшүнүктөрдү өзгөртүүгө арналган семинарлар;
  • Мамлекеттик жана жарандык коом өкүлдөрүн чогулткан саммиттер;
  • Долбоордун натыйжасында алынган сунуштар жана чечимдер "Ак китеп" аттуу документте жарыяланат.

Кошумча маалымат үчүн: Дженни Кавен: jc@footageproject.org, Кристен Али Эглинтон: kae@footageproject.org.

Автор: Улукбек кызы Асем > 390 макала