БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Кыргызстанда кош бойлуу аялдар үчүн телегерам бот ишке кирди

Кыргызстанда кош бойлуу аялдар үчүн телегерам бот ишке кирди

Сүрөт: "Т-Медиа"

Кыргызстанда кош бойлуу аялдарга арналган  "Сиз эне болосуз" телеграмм чат-боту ишке кирди. Бул тууралуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунан билдиришти. 

 

ММК фондунун маалыматына караганда, телеграмм бот 20-ноябрдан тарта иштеп баштаган. Аталган бот кош бойлуу аялдар үчүн акысыз медициналык кызмат көрсөтүүлөр жана жеңилдетилген дары-дармектер жөнүндө маалыматтарды берет. 

Ошондой эле бот кош бойлуулуктун кооптуу белгилери, витаминдерди кабыл алуу, физикалык өзгөрүүлөр боюнча да маалымат бере алат. 

Андан кыз-келиндер кыргыз тилин же орус тилин тандай алышат. 

Мындан сырткары телеграм ботто зомбулуктан жапа чеккендерди колдоо кызматтарынын даректери да көрсөтүлгөн.

Чат-боттогу маалыматтар Мамлекеттик кепилдиктер программасынын жана Саламаттык сактоо министрлигинин клиникалык протоколдорунун жана колдонмолорунун негизинде Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду тарабынан түзүлгөн.

Телеграмдан  "ФОМС — вы станете мамой!" деп издеп ботту, тапсаңыз болот.

Автор: Осмонова Айдана > 613 статей