БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

1-январдан тарта кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул жогорулады

1-январдан тарта кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул жогорулады

Сүрөт интернеттен алынды

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги өлкөдө үстүбүздөгү жылдын 1-январынан тарта кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдун өлчөмү 100%га жогорулаганын билдирди.

Маалыматка караганда, 1-январдан тарта мамлекет иштеп жаткан аялдарга кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул катары 11чи иш күнүнөн баштап айына 2000 сомдон (буга чейин 1000 соми болчу) төлөй баштайт. Жогорулатууга чейин жөлөкпулдун орточо өлчөмү 3600 сом болсо, 1-январдан кийин ал 7 500 сомду түзүп калат. 

Мыйзамга ылайык, иштеген аялдарга кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул алгачкы он иш күнү үчүн жумуш берүүчү тарабынан эмгек акынын 100% өлчөмүндө төлөнүп берилет. Министрликтен белгилешкендей, бийик тоолуу шарттарда жана жетүүгө кыйын алыскы аймактарда иштеген аялдарга жөлөкпулдун бул түрү айлыгынын 100% өлчөмүндө төлөнөт.

Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаттары Марлен Маматалиев менен Камила Талиева бийик тоолуу аймактарда, барууга кыйын болгон алыскы калктуу конуштарда жана өзгөчө статуска ээ чек ара аймактарында жашаган үч жашка чейинки балдарга ай сайын, кеминде беш миң сомго чейин жөлөкпул берүүнү сунушташкан. 

Автор: Улукбек кызы Асем > 318 статей