БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Кыргызстанда кумар оюндарын расмий жарнамалоого уруксат берүү сунушталды

Кыргызстанда кумар оюндарын расмий жарнамалоого уруксат берүү сунушталды

Интернеттен алынды

Кыргызстанда кумар оюндарын жарнамалоого уруксат берүү сунушталууда. Мыйзам долбоорду Жогорку Кеңештин депутаттары  Бактыбек Сыдыков жана Гүлшаркан Култаева иштеп чыгып, 24-майдан коомдук талкууга коюшту. 

Депутаттар оюн бизнесин расмий жарнамалоо рыноктун ачык-айкындуулугун камсыздап, мыйзамсыз иштеп жаткан букмекердик кеңселер, дүкөндөр жана оюн-зоок жайларынан арылууга жардам берерин белгилешкен. Мындан сырткары керектөөчүлөрдүн укугу корголору жазылган. Ошондой эле мыйзам долбоордо квалификациясы жок психологдордун кызматын жарнамалоого тыюу салуу каралган.

"Психологиялык жардам психиатриялык жардамдан айырмаланат.  Анткени ал медицина чөйрөсүнө тиешеси жок. Буга ылайык, кесиптик ишти жүзөгө ашыруу үчүн психолог медициналык квалификацияга эмес, атайын билимге ээ болушу керек. Бирок, учурда тиешелүү кесиптик даярдыгы жок, курс, тренинг жана консультация сыяктуу психологиялык кызматтарды көрсөткөн адамдардын санынын өсүү тенденциясы байкалууда. Натыйжада психологиялык кызмат көрсөтүүлөр рыногу көп сандагы компетентсиз адистерге толуп баратат", -деп жазылган мыйзам долбоордо. 

Документте өспүрүрүмдөр жана жаштар алардан квалификациясы тууралуу документтерди талап кылбастан, квалификациясы жок адистерге кайрылып жатканы айтылат. 

Эске салсак: казино иштетүүгө уруксат берген мыйзамга 2022-жылдын 30-июнунда президент Садыр Жапаров кол койгон. Мыйзам парламентте талаш-тартыш менен кабыл алынган. Ага ылайык, кыргыз жарандары жана 21 жашка чейинки чет элдик жарандар казиного киргизилбейт. Өкмөт кумар оюндарынан казынага 2 млрд сомго жакын акча түшөрүн билдирген.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров парламенттин жыйынында оюн-зоок жайлар өлкө аймагында ачыла турганын жана аны инвесторлор иштете турганын белгилеп кеткен.

Автор: Осмонова Айдана > 616 статей