БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Өлкөдө мамлекеттик Соода компаниясы түзүлдү

Өлкөдө мамлекеттик Соода компаниясы түзүлдү

Сүрөт: Табылды Кадырбеков

Экономика жана коммерция министрлиги билдиргендей, компания товары өлкө аймагына кирбеген, бирок соода агымына катышкан кыргызстандык компанияларга мониторинг жүргүзөт.

Ошондой эле буга чейин Кыргызстанга товар жеткирбей сырттан соода кылган бардык ата мекендик компаниялар эми операцияларды Соода компаниясы аркылуу гана жүргүзүп калат. Министрлик бул аталган тармакта тартип орнотуу жана финансылык операцияларды көзөмөлдөө үчүн зарыл экенин белгилеген.  

Бул чектөөгө электрондук соода (жеке колдонуу үчүн) аркылуу жеткирилген жеткирүүлөр кирбейт. 

Автор: Т-Медиа > 361 статей