БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Кыргызстанда Нооруз майрамы белгиленип жатат

Кыргызстанда Нооруз майрамы  белгиленип жатат

Интернеттен алынды

Бүгүн кыргызстандыктар 21-март - Нооруз майрамын белгилеп жатышат. Бишкек,Ош шаарлары баштаган өлкөнүн булуң бурчунда салтанатуу иш-чаралар уюштурулуп, спорттук мелдештер да мерчемделген.

 

Бишкектеги Ала-Тоо аянтында майрамдык салтанатта  Президент Садыр Жапаров  өлкө элин бул майрамы менен куттуктап, ата-бабалар жаздын келишин жандануунун башаты, жыл ажыраган күн катары күткөнүн эскерди.

Ал эми Ош шаарындагы майрамдык иш-чарага Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров келип катышып жатат. Борбордук аянттагы салтанаттуу саамалык саат 10:00дө башталган.

Бул күнү Президент Садыр Жапаровду жана кыргыз элин бир катар мамлекеттин башчылары да куттукташты. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Азербайжан президенти Илхам Алиев, Ирандын президенти Сейед Эбрахим Раиси жана АКШ президенти Жо Байден  куттуктоо сөзүн жибергенин президенттин маалымат кызматы билдирди.

  Тарыхчылар Нооруз сөзүн перс тилинен которгондо «нав» - жаңы жана «руз» - күн деген эки түшүнүктөн туруп, «жаңы күн», башкача айтканда чыгыш элдеринин табигат мезгилин сүрүштүрүүдө колдонулган күн календары боюнча жаңы жылдын башталышын билдирерин айтышат. Бул майрамдын келип чыгышы туурасында бирдиктүү ой жок. Айрымдар аны б.з.ч. VII к. – б.з. VII к. чейин чыгыш  элдеринде үстөмдүк кылган диний окуу – зороастризм менен байланыштырса, кээ бирлери исламдын келип чыгышы жана жайылышы менен байланыштырышат.

Автор: Мамасадыкова Кенжебү > 58 статей