БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Кыргызстанда окуучусу аз 53 мектеп бириктирилет

Кыргызстанда окуучусу аз 53 мектеп бириктирилет

Интернеттен алынды

Окуучуларлардын саны аз мектептер кошулат. Тиешелүү буйрукту Билим берүү жана илим министрлиги 13-сентябрда чыгарды.

Ага ылайык, жалпы 53 билим берүү уюму кошулат. Ошто - 22, Нарында- 10, Чүйдө - 6, Баткенде - 5, Жалал-Абадда - 5, Таласта - 2 жана Ысык-Көлдө бир мектеп.

Балдардын саны аз мектептерди оптималдаштыруу иштерин райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары жергиликтүү бийлик менен бирге 1-ноябрга чейин аякташы зарыл. Ал эми райондук/шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары бириктирилген мектептердин кыскарган кызматкерлерин жумушка жайгаштырып, жергиликтүү калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзөт.

Расмий маалыматка ылайык, быйыл 42 жаңы мектеп пайдаланууга берилди.. Жалпысынан 2350 мектепте 1,5 миллиондой окуучу билим алууда.

Автор: Осмонова Айдана > 613 статей