БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Кыргызстанда орточо эмгек акы 35 миң 298 сомду түздү

Кыргызстанда орточо эмгек акы 35 миң 298 сомду түздү

Сүрөт интернеттен алынды

Кыргызстанда ушул жылдын январь-июнь айларында орточо айлык акы 35 миң 298 сомду түздү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги маалымдады. 

Маяна өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда 10,6% га өскөн. Эң олуттуу өсүш тейлөө ишмердиги (41,5%), дүң жана чекене соода, автоунааларды жана мотоциклдерди оңдоо (30,7 %) тармагында байкалган.

2023-жылы орточо эмгек акы 31 миң 604 сом деп эсептелген. Эң жогору маяна Ысык-Көл облусунда 38 миң 743 сом болгон. Эң аз көрсөткүч Ош облусунда 23 миң 134 сомду түзгөн. 

Автор: Осмонова Айдана > 618 статей