БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Кыргызстанда паранжа кийип, узун сакал өстүргөндөргө эки миң сом айып пул салуу сунушталууда

Кыргызстанда паранжа кийип, узун сакал өстүргөндөргө эки миң сом айып пул салуу сунушталууда

Иллюстративдик сүрөт

Кыргызстанда коомдук жайларда никаб, паранжа, кийген жана узун сакал койгондорго айып пул салуу сунушталууда. Мыйзам долбоору  кечээ, 14-ноябрда Жогорку Кеңештин сайтына коомдук талкууга коюлду.

 

Мыйзам долбоорду депутат Шарапаткан Мажитова иштеп чыккан. Анда паранжа, никаб кийгендерге жана узун сакал койгондорго 2 миң сом өлчөмүндө айып пул салуу же болбосо 30 саатка чейинки мɵɵнɵткɵ коомдук иштерге тартуу каралган.

Эгерде жаран экинчи жолу эрежени бузса, 4 миң сом айып пул төлөйт же 40 саатка чейин коомдук иштерге тартылат. 

Айып пулду өлкөдө убактылуу эмгек же кызмат иши менен келгендер жана дипломатиялык статусу бар чет өлкөлүк жарандар төлөбөйт. 

Мыйзам коопсуздукту камсыз кылууга, документте  жарандарды ишенимдүүрөөк идентификациялоого жана коопсуздукту сактоого мүмкүндүк берээри негиз келтирилип жатат.

Демилгечилер мыйзам долбоору жарандардын дин тутуу эркиндигин чектебейт, конституциялык ченемдерди жана эл аралык стандарттарды сактайт деп белгилеген.

Депутат Мажитова 7- сентябрдагы парламенттин жыйынында да паранжа кийгендерди сындап чыккан. Ал Өзбекстандын парламенти мындай крншк тыюу салганын мисал келтирип, көзөмөлгө алууну сунуштаган. Ага чейин 20-апрелдеги жыйында да ушул маселени көтөрүп, "Ошто кара паранжа кийгендер көп экен.  Жоолук салына берсин, бирок чүмкөнбөсүн"- деген пикрин айткан. 

Кыргызстандын Мусулмандар дин башкармалыгынын башчысы Замир Ракиев паранжа, никаб мусулман динин туткан кыргызстандык кыз-келиндер үчүн парз эместигин билдирди. 
 

"Биз башынан хижабды колдоп келе жатабыз. А бардык жүзүн жаап алганды никаб дейт. Никаб ар кимдин укугу, бирок парз эмес, эч кимдин укугун чектей албайбыз деген бүтүмгө Аалымдар кеңешинде келгенбиз",-деди ал. 

Өзбекстандын парламенти 5-сентябрда  коомдук жайларда бети-башын чүмкөп жүргөндөрдү административдик жазага тартуу мыйзам долбоорун жактырган.  Бул мыйзам Өзбекстанда Сенат жактырып, президент кол койсо күчүнө кирет.

Автор: Осмонова Айдана > 609 статей