БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Кыргызстанда жашы жетелектерге сексуалдык зомбулук көрсөтүү үчүн жаза катаалдаштырылды

Кыргызстанда жашы жетелектерге сексуалдык зомбулук көрсөтүү үчүн жаза катаалдаштырылды

Интернеттен алынды

Президент Садыр Жапаров Кылмыш-жаза жана Жазык-процессуалдык кодекстерине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзамга кол кол койду.

Өзгөртүүлөргө ылайык, эми сот кылмыш жасаган учурда 60 жашка чыккан, баланын жыныстык кол тийбестигине жана жыныстык эркиндигине каршы кылмыш жасаган эркектерге өмүр бою эркинен ажыратуу өкүмүн чыгара алат. Буга чейин Кылмыш-жаза кодексинде мындай жазаны кылмыш жасаган учурда 60 жашка чыккан жарандарга колдонууга болбойт деген норма бар болчу.

Ошондой эле Жазык-процессуалдык кодексине баланын жыныстык кол тийбестигине жана сексуалдык эркиндигине каршы кылмыштар сотто далилденсе, күнөөкөрдү жазасыз калтырбоо боюнча түзөтүү киргизилди.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Жашы жете электерди зордуктоого айыпталгандарга карата жазаны катаалдаткан өзгөртүүнү парламент депутаты Марлен Маматалиев 2023-жылы декабрда сунуштаган. Жогорку Кеңеш ушул жылдын 11-апрелинде кабыл алып берген.

Өлкөдө балдарга карата зомбулук үчүн жаза буга чейин да катаалдаштырылган. 2022-жылы балдардын жыныстык кол тийбестигине каршы жасалган кылмыш үчүн эркинен ажыратуу мөөнөтүн жана айыптын өлчөмүн жогорулатуу боюнча түзөтүүлөр кабыл алынган.

2024-жылы январда зордуктоо боюнча кылмыш иштери тараптар жарашса да жабылбай турганы жөнүндө мыйзам кабыл алынган.

Автор: Осмонова Айдана > 616 статей