БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Кыргызстанда жеке менчик медициналык мекемелер текшерилет

Кыргызстанда жеке менчик медициналык мекемелер текшерилет

Иллюстративдик сүрөт

Өлкөдөгү жеке менчик саламаттык сактоо уюмдарынын ишмердигине аудит жүргүзүү боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлдү. Тиешелүү чечимге Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 20-февралда кол койду. 

Маалыматка караганда, саламаттык сактоо уюмдары жарандарга сапаттуу медициналык кызмат көрсөтүү максатында текшерилип жатат. Жумушчу топко эки айдын аралыгында текшерүү жүргүзүп, жыйынтыгы президентинин администрациясынын жетекчилигине сунуштарды берет. 

Кыргызстанда 2023-жылы лицензиясы жок иштеп жаткан 212 жеке менчик медициналык мекеме аныкталган. Алардын 109у стамотология, 87 си косметологиялар. 

Автор: Осмонова Айдана > 616 статей