БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Өлкөдө жыл башынан бери үй-бүлөлүк зомбулуктун 11 миңден ашуун учуру катталды

Өлкөдө жыл башынан бери үй-бүлөлүк зомбулуктун 11 миңден ашуун учуру катталды

Сүрөт интернеттен алынды

Өлкөдө акыркы 11 ай ичинде Ички иштер министрлигинин электрондук базасына үй-бүлөлүк зомбулуктун 11 миң 783 учуру катталды. Зомбулукка кабылгандардын 95%ы аялдар. Бул тууралуу "Т-Медиага" министрликтин коомдук коопсуздук кызматынын бөлүм жетекчичси Таалайбек Алимжанов билдирди.

"Жыл башынан бери Кыргызстанда 11 миң 783 үй-бүлөлүк зомбулук көрсөтүү фактысы катталган. Алардын ичинен 10 миң 222 учур аялдарга карата зомбулук. Биз Кылмыш-жаза кодексини үч беренеси боюнча 2604 протокол түзүп, тийиштүү органдарга өткөрүп бергенбиз", -дейт ал.

Мындан сырткары Алимжанов үй-бүлөлүк зомбулукка байланыштуу 539 кылмыш иши козголгонун белгиледи. Мындан тышкары жыл башынан бери укук коргоо органдары тарабынан үч күндүк 10 миңден ашык коргоо ордерлери берилген.

Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулук көрсөтүү фактысы боюнча жабырлануучуга берилген коргоо ордеринин саны жыл сайын көбөйүүдө. Соңку маалыматтарга караганда, акыркы үч жылда өлкөдө коргоо ордерин алган 8,5 миңден ашуун адам катталган.

Автор: Улукбек кызы Асем > 318 статей