БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар
Туристтер үчүн курулган Rest Point жайынын экөө Ошто ачылды. Сүрөт
Rest Point (Рест Поинт) деп аталган бул жайларда жуунса, телефонду кубаттаса болот. Майыптыгы барлар үчүн да ажаткана курулган. Бирок алар кире турган пандус жок.
Кофе, тез татым тамактары да бар. Оштун картасы, туристтик жайлары менен таанышууга да шарт жаратышкан. Дааратканалар акылуу.
Борбордун бири Алишер Навои атындагы сейил бакта, экинчиси шаардык мэриянын имаратынын артында жайгашкан. Бул жайларга шаар тургундары да кирсе болот.
Аталган жайды "Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду" деп аталган ачык акционердик коому каржылаган. Уставдык капиталы 1 миллиард сом деп белгиленген. Фонд туризмди өнүктүрүүгө багытталган демилгелерди ишке ашыруу жана инфраструктураны жакшыртуу менен алектенет.
Автор: Улукбек кызы Асем > 428 макала
- Sun
- Mon
- Tue
- Wed
- Thu
- Fri
- Sat