БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Кыргызстандык альпинист Гиннестин рекорддор китебине кирди

Кыргызстандык альпинист Гиннестин рекорддор китебине кирди

Сүрөт интернеттен алынды

Кыргызстандын Альпинизм жана аскага чыгуу федерациясынын президенти Эдуард Кубатов Гиннестин дүйнө рекорддчуларынын катарына кошулду. Бул тууралуу маалымат Guinness World Records расмий сайтында жарыяланды. 

Альпинист тарыхта Манаслу чокусуна кошумча кычкылтексиз чыккан эң жашы улуу эркек адам болду. Бул 8163 метр бийиктикти камтыйт. Эдуард Кубатов чокуга элүү жашында, 2022-жылдын 1-октябрында көтөрүлгөн. 

Бул рекорддук наамды альпинизм боюн адис Эберхард Юргальский тастыктады. 

Манаслу — Гималай тоолорунда орун алган, Непалдын борбордук бөлүгүнүн түндүгүндөгү ак кар, көк музга оронгон бийик чоку. 2022-жылы алты мүчөдөн турган кыргыз экспедицисы биринчи жолу аталган чокуга көтөрүлүп, кыргыз желеги менен үч килограммдык Манас китебин алып чыгышкан. 

Эдуард Кубатов 2021-жылы Эверест чокусун да багынткан. 

Автор: Анарбаева Наргиза > 142 статей