БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Кыргызстандык бийчилер 30 мамлекет катышкан эл аралык турнирде алтын медаль утушту

Кыргызстандык бийчилер 30 мамлекет катышкан эл аралык турнирде алтын медаль утушту

Сүрөт: Кыргызстандын Бий спорту федерациясы

Бал бийи боюнча жыл сайын өтүүчү WDSF 2024 эл аралык турниринде Кыргызстандан барган бийчилер биринчи орунду багындырышты. Бул тууралуу Кыргызстандын Бий спорту федерациясы маалымдады.

"Бул турнирде кыргызстандык Владимир Вырлеев менен Мария Прощлецова экөө жуп болуп бийлеп, спорттук бал бийи боюнча 138 түгөйдүн ичинен биринчи орунга чыгышты. Башында Сергей Титунин турган Кыргызстандын Спорттук бий федерациясы аталган жарышка катышкан спортчуларга ыраазычылык билдирет", – деп жазылат маалыматта.

Турнир Штутгарт шаарында 13-15-август күндөрү болгон. Ага Кыргызстан, Кытай, Франция, Италия, Латвия, Польша, Португалия, Болгария болуп баш-аягы 30дан ашык өлкөнүн бийчи-спортчулары катышкан.

Автор: Улукбек кызы Асем > 321 статей