БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Кыргызстандык үч балбан рейтингдик турнирде байгелүү орундарды алды

Кыргызстандык үч балбан рейтингдик турнирде байгелүү орундарды алды

Т-Медианын коллажы

Кыргызстандык үч балбан Венгрияда өтүп жаткан рейтингдик турнирде байгелүү орундарды ээлешти. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти. 

61 кг чейинки салмакта Тайырбек Жумашбек уулу күмүш байгеге ээ болсо, ал эми 57 кг салмакта Алмаз Сманбеков жана 70 кг салмакта Алибек Осмонов коло медаль утушту.

Учурда Венгриянын Будашпет шаарында "Polyák Imre & Varga János Memorial" атындагы рейтингдик турнири өтүүдө. Спорттук иш-чара 6-июнда башталып, 9-июнда аяктайт. 

Бул турнирге Кыргызстандын атынан жети балбан катышууда. 

Автор: Осмонова Айдана > 613 статей