БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Кыргызстандык дзюдочу Эрлан Шеров дүйнө чемпионатында коло медаль утту

Кыргызстандык дзюдочу Эрлан Шеров дүйнө чемпионатында коло медаль утту

Сүрөт: Спутник Кыргызстан

22-майда кыргызстандык дзюдочу Эрлан Шеров Бириккен Араб Эмирликтеринде өтүп жаткан Дүйнө чемпионатында коло медалга ээ болду. Ал 90 килограмм салмакта күч сынашып, беттеште италиялык Кристиан Парлатини жеңди.

Муну менен Шеров Дүйнө чемпионатында байге алган биринчи кыргызстандык дзюдочу болуп калды.

Дзюдочу чейрек финалда кореялык атаандашы жаракат алып, жарым финалга чыккан. Бирок жапониялык Гоки Тадзимадан утулуп калган. Андан кийин коло үчүн ат салышты.

Эл аралык дзюдо федерациясынын сайтындагы маалыматка ылайык, Париж олимпиадасына лицензия берилүүчү тизмеде Эрлан Шеров 391 дзюдочунун ичинен 3974 упайы менен 9-орунга жайгашкан. Мындан сырткары федерация кыргызстандык спортчу Париж олимпиадасына жолдомо утуп алганын жазган.

19-майда башталган 37-Дүйнө чемпионаты 25-майда аяктайт. Спорттук мелдеш Абу-Даби шаарынын (БАЭ) "Мудабала Арена" спорттук залында өтүүдө. Ага 109 өлкөдөн келген 675 спортчу катышып жатат.

Дене тарбия жана спорт департаменттинин маалыматына ылайык, дзюдо боюнча Дүйнө чемпионатына Кыргызстандан беш спортчу катышууда. Өлкө намысын Кубанычбек Айбек уулу (66 кг), Чыңгызхан Сагыналиев (73 кг), Асад Масабиров (81 кг), Эрлан Шеров (90 кг) жана кыз-келиндерден жалгыз Адина Көчкөнбаева (63 кг) коргойт.

Автор: Осмонова Айдана > 616 статей