БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Кыргызстандык эки балбан кыз Бириккен күрөш дүйнөсүнүн рейтингинде биринчи орунга чыгышты

Кыргызстандык эки балбан кыз Бириккен күрөш дүйнөсүнүн рейтингинде биринчи орунга чыгышты

Т-Медианын коллажы

Бириккен күрөш дүйнөсүнүн рейтингинде (UWW) Айсулуу Тыныбекова менен Айпери Медет кызы биринчи орунду ээлешти. Бул тууралуу уюм социалдык баракчасына жарыялады.

Анда Тыныбекова биринчиликке 62 кг салмак категориясына чейинкилер арасында чыкты. Ал эми Айпери Медет кызы 76 килограмм салмакка чейинкилер ичинде мыкты аталды.

Рейтинг дүйнө чемпионатындагы, континенталдык чемпионаттагы, Азия жана Панамерикалык оюндардагы, ошондой эле United World Wrestling (UWW) рейтингдик төрт турнирдеги жыйынтыктардын негизинде түзүлгөн.

Буга чейин аталаган уюм Айсулуу Тыныбекованы дүйнөнүн мыкты балбаны атаган.

Автор: Осмонова Айдана > 616 статей