БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Кыргызстандык футболчу өспүрүм кыздар Азиядагы CAFA турниринде күмүш утту

Кыргызстандык футболчу өспүрүм кыздар Азиядагы CAFA турниринде күмүш утту

Сүрөт: Кыргызстандын футбол боюнча кыз-келиндер арасындагы курама командасынын соц баракчасынан

Кыргызстандын футболчу өспүрүм кыздары Борбордук Азиядагы CAFA турниринде күмүш байгеге ээ болушту. Бул тууралуу бүгүн, 20-октябрда Кыргызстандын футбол боюнча кыз-келиндер арасындагы курама командасынын официалдуу баракчасында жарыяланды.


Мелдеш Душанбе шаарында 14 жашка чейинки кыздар арасында өттү.
Алар Иран (1:1) жана Тажикстандын (0:0) оюнчулары менен тең чыгып, Өзбекстандын командасын 3:2 эсебинде жеңип алып, күмүш байгеге жетишишкен.

Натыйжада 7 упай алган Иран чемпион болду. Кыргызстан 5 упай менен экинчи орунга чыгып, 3 упай алган Өзбекстан үчүнчү орун, ал эми Тажикстан 1 упай менен төртүнчү орунга ээледи.

Маалыматка караганда аталган эл аралык турнирге кыргызстандык команда биринчи жолу катышып жатат.

Автор: Т-Медиа > 354 статей