БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Кыргызстандык мигранттар эми медициналык камсыздандыруу полиси акысыз алышат

Кыргызстандык мигранттар эми медициналык камсыздандыруу полиси акысыз алышат

Интернеттен алынды

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги мигранттарга санариптик милдеттүү медициналык камсыздандыруу полиси акысыз берилип жаткандыгын билдирди. Аталган камсыздандыруу полиси Москвада иштеп жаткан кыргызстандыктарга 15-февралдан тарта бериле баштады.

Медициналык камсыздоо полисин алуу үчүн керектелүүчү документтер:  Жалпы жарандык паспорт;

Эмгек келишими;

Жеке эсеп карта номери;

Чет өлкөлүк жарандын келгендигин кабарлаган бланк.

Дареги: Москва шаары Малая Полянка көчөсү, №7 үй, №5 батир дарегинде жайгашкан өкүлчүлүккө кайрылуу керек.

Каттоо ар бейшемби күндөрү эрте мененки 11ден кечки саат 5ге чейин жүргүзүлөт. Полис Орусиянын бардык аймагында акысыз медициналык жардам алууга, профилактикалык текшерүүдөн өтүүгө эң негизгиси дарылоо мекемелерин тандоого мүмкүндүк берет.

Автор: Кылым Сурапбаева

Автор: Осмонова Айдана > 613 статей