БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Кыргызстандык окуучулар эл аралык олимпиададан 17 медаль утту

Кыргызстандык окуучулар эл аралык олимпиададан 17 медаль утту

Сүрөт: Билим берүү жана илим министрлиги

Кыргызстандык окуучулар математика, физика жана информатика боюнча XX эл аралык Жаутыков олимпиадасында 4 күмүш, 13 коло медаль жеңип алышты. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

Олимпиада үстүбүздөгү жылдын 8-13-январь күндөрү Казакстандын Алматы шаарында өткөн. Ага 16 өлкөдөн 700дөн ашуун окуучу барган. Ал эми Кыргызстандын атынан алты команда жана үч окуучу жекече катышкан.

Соцтармакта мелдештен байгелүү орундар менен келген кыргызстандык окуучуларды алардын мугалимдери тосуп алганы тууралуу видео чыкты. Автор илим деп жүргөн жаштарга "спортчуларды тосуп алгандай көңүл бурулбайт" деп айткан

"Спортчуларды эле эл аралык мелдештерден тосуп ала бербей, биздин Кыргызстандын курама командасы Казакстанда өткөн эл аралык сынактан 17 медаль менен келишти. Биз аларды азыр чек арадан тосуп алдык. "Сапат" лицейинин, "Газпром Кыргызстан" мектебинин агайлары болуп, баарыбыз окуучуларыбызды куттуктаганы келдик. Биздин каалобуз, тилегибиз Кыргызстанда спорт кандай бааланса, илим дагы ошондой баалансын", -деп айтылат кайрылууда.
 

Эл аралык Жаутыков олимпиадасы — мектеп окуучуларынын командалык мелдеши. Ар бир команданын курамында үч математик, эки физик, эки информатик жана эки менеджерден турат. Катышуучулар азыраак болгон командаларга же бир өлкөнүн ар кайсы мектептеринен келген командаларга катышууга уруксат берилет. Бул жылы окуучулар жекече катыша алышты.

Автор: Улукбек кызы Асем > 318 статей