БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Кыргызстандык окуучулар информатика боюнча эл аралык олимпиадада байге утту

Кыргызстандык окуучулар информатика боюнча эл аралык олимпиадада байге утту

Сүрөт Билим берүү жана илим министрилигинин Facebook баракчасынан алынды

Информатика боюнча 92 өлкө катышкан эл аралык олимпиадада кыргызстандык окуучулар 2 күмүш, бир коло медаль жана ардак грамотага ээ болду. 

Күмүш уткандар: 

- М.Субакожоев атындагы Нарын лицейинин 10-классынын окуучусу Алихан Айдарбеков;

- "Газпром" Кыргызстан мектебинин 8-классынын окуучусу Ян Бобрус. 

Ал эми "Манас Ата" Талас лицейинин 11-классынын окуучусу Байторо Майрамбеков коло медалга ээ болгон.

Ч.Айтматов атындагы Бишкек лицейинин окуучусу Абдулазиз Лебиев ардак грамота алды.

Балдарды олимпиадага машыктыруучулар – Медербек Осмонов, Кылычбек Урайымов, Айдар Мундузбаев, Тенгиз Беккойонов даярдаган.

Жалпы командалык эсепте Кыргызстан окуучулары 92 өлкөнүн 370 окуучусунун ичинен 27-орунду ээлешти.

XXXVI олимпиада 1-8-сентябрда Египеттин Александрия шаарында өткөрүлүүдө.

Билим берүү министрлиги 2000-жылдан бери мектеп окуучулары информатика боюнча эл аралык олимпиадаларда бир күмүш жана 17 коло медалга ээ болушканын кабарлады. 

Автор: Анарбаева Наргиза > 142 статей