БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар
Кыргызстандык окуучулар эл аралык олимпиададан байгелүү кайтышты
Варна шаарында өткөн эл аралык Балкан математикалык олимпиадасында кыргызстандык окуучулар бир күмүш, үч коло медалга жана эки ардак грамотага ээ болушту. Бул тууралуу 6-майда Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, күмүш медалга "Газпром Кыргызстан" мектебинин 8-классынын окуучусу Ян Бобрус, колого ушул эле мектептин 10-классынын окуучулары Нурсултан Эшперов, Сейит Рыскулов жана Б.Якирдин атындагы №61 автордук физика-математикалык мектеп-лицей окуу комплексинин 10-классынын окуучусу Нурдөөлөт Капаров ээ болгон.
Ардак грамота менен ушул эле мектеп-лицейдин 10-классынын окуучулары Назар Киргизбаев жана Айдин Асанкадыров сыйланышты.
Бул окуучуларды олимпидага математика мугалими Мамат Ишматов даярдаган.
41-Балкан математикалык олимпидасы (BMO 2024) 27-апрелден 2-майга Болгариянын Варна шаарында өткөн. Ага 22 өлкөнүн окуучулары катышкан.
Автор: Анарбаева Наргиза > 142 статей
- Sun
- Mon
- Tue
- Wed
- Thu
- Fri
- Sat