БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Кыргызстандык спортчу самбо боюнча дүйнө чемпиону болду

Кыргызстандык спортчу самбо боюнча дүйнө чемпиону болду

Сүрөт: Дене тарбия жана спорт департаменти

Кыргызстандык Жамалбек Асылбек уулу спорттун самбо түрүнөн дүйнө чемпиону  болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.


Арменияда өтүп жаткан дүйнө биринчилигинде ал Гондурастан, Түркмөнстандан, Беларустан, Казакстандан келген жана Армениянын өзүнөн  катышкан атаандаштарын уткан.

Бул спортчудан сырткары дагы бир нече кыргызстандыктар байгелүү орундарга ээ болушкан.

Армениянын Ереван шаарында өтүп жаткан самбо боюнча дүйнө чемпионаты 10-ноябрда башталган. Мелдеш 12-ноябрда жыйынтыкталат. Ага 65 өлкөдөн келген сопртчулар катышууда.

Автор: Улукбек кызы Асем > 318 статей