БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Кыргызстандыктар 2023-жылы 88 млн сомго килем экспорттоду

Кыргызстандыктар 2023-жылы 88 млн сомго килем экспорттоду

Сүрөт интернеттен алынды

Кыргызстандан өткөн жылы 88 миллион сомго килем экспорттоду. Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, бул 2022-жылга караганда үч эсеге көп.

Сатып алуучулардын тизмесинде биринчиликти Россия ээлеп, Кыргызстандан чыккан килемдин 87%ын сатып алган. Экинчи орундагы кардар Казакстан өлкөсү болуп, 10% килем экспорттолгон. Ал эми Өзбекстан үчүнчү орунда, жалпы экспорттун 3%ы туура келет.

Автор: Улукбек кызы Асем > 318 статей