БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Кыргызстандыктар "Түндүк" тиркемеси аркылуу унаасын онлайн кайра каттай алышат

Кыргызстандыктар "Түндүк" тиркемеси аркылуу унаасын онлайн кайра каттай алышат

Сүрөт: "Reporter.kg"

Эми Кыргызстандыктар "Түндүк" тиркемеси аркылуу унаасын онлайн кайра каттай алышат. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлиги кабарлады.

Унааны онлайн кайра каттоо үчүн төмөнкүлөр керек:

"Түндүк" тиркемесинде катталуу;
Эгерде үй-бүлөлүү болсо, унааны сатууга макулдук берүү үчүн "Түндүк" 
мобилдик тиркемесинде жубайынын катталышы;
"Унаа" мамлекеттик мекемесинин бөлүмдөрүндө автотранспорттук кароодон өткөрүү. Текшерүү мөөнөтү 30 күн.
Транспорт салыгын төлөгөндүгү тууралуу квитанция.
Айыптар, туумдар, салыктар, транспорттук каражаттар боюнча чектөөлөр жок болсо, ошондой эле жол кыймылынын эрежелерин бузгандыгы үчүн ээсине берилген айыптар болбосо онлайн кайра каттоо мүмкүн. 

Пилоттук долбоор бир жылга башталды. Онлайн кайра каттоо ийгиликтүү ишке ашырылса, система туруктуу негизде иштей баштайт

Автор: Осмонова Айдана > 613 статей