БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар
Кыргызстандын Адвокатурасы жактоочу Самат Мацаковдун камалышы боюнча кайрылуу жасады
Кыргызстандын Адвокатурасы жактоочу Самат Мацаковдун кармалышы боюнча 2-декабрда кайрылуу жасады
Кайрылууда Матцаковдун камалышы адвокаттык кесиптин көз карандысыздык принциптеринин, улуттук мыйзамдарда жана эл аралык стандарттарда каралган адвокаттык практиканын кепилдиктеринин сакталышына, олуттуу шектенүүлөрдү жаратарын айткан.
Ошондой эле аталган мекеме Матцаковго айып коюлгандыгы жөнүндө расмий билдирүү албагандыгын баса белгилеген.
Мындан сырткары мекеме адвокаттын иши боюнча бир катар мыйзамдарды эске салган.
Буга чейин да Кыргызстандык укук коргоочулар, юристтер жана жарандык активисттер адвокат Самат Матцаковдун камакка алынышын кескин сындаган билдирүү тараткан.
Эске салсак, жактоочу Самат Матцаков Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан 29-ноябрда кармалганы белгилүү болгон. Мурдараак укук коргоочу Азиза Абдирасулова Матцаковдун үйүндө Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери тинтүү жүргүзүп жатканын соцтармактагы баракчасына билдирген.
Матцаков журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, ага «Алдамчылык» беренеси менен кылмыш иши козголгонун айткан. Ал үйүндөгү тинтүүдөн кийин тергөөчүлөр Имамидин Ташовдун ишине байланышы бар төрт дискти алып кетишкенин кошумчалады.
Атайын кызмат бул тууралуу расмий комментарий бере элек.
Самат Матцаков камакта жаткан KG Group курулуш компаниясынын ээси Имамидин Ташовдун адвокаты. Ошондой эле журналист Актилек Капаров, акын Аскат Жетигендин да укуктарын коргоп жүрөт.
Автор: Осмонова Айдана > 821 макала
- Sun
- Mon
- Tue
- Wed
- Thu
- Fri
- Sat