БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар

Кыргызстандын алты университети Азиянын мыкты ЖОЖдорунун катарына кирди

Кыргызстандын алты университети Азиянын мыкты ЖОЖдорунун катарына кирди

Сүрөттө ОшМУ/ Билим берүү министрлиги таратты

Билим берүү жана илим министрлиги Кыргызстандын алты жогорку окуу жайы Азиянын мыкты университеттеринин катарына киргенин билдирди. Алар: 

- Кыргыз-түрк "Манас" университети (230-орун);

- Ош мамлекеттик университети  (260-орун);

- Борбор Азиядагы Америка университети (260-орун);

- Кыргыз-Россия Славян университети (333-орун);

- Кыргыз улуттук университети  (381-орун).

- Кыргыз мамлекеттик техникалык университети (381-орун).

"Бул жыйынтык биздин өлкө үчүн рекорд жана акыркы 2-3 жылда өлкө жетекчилигинин колдоосу менен кесиптик жогорку билим берүү багытында жасалган жумуштардын жыйынтыгы", – дейт министрдин орун басары Абазбек уулу Расул.

Министрликтин маалыматы боюнча, Азиянын эң мыкты университеттеринин жаңы рейтинги (QS ASIA UNIVERSITY RANKINGS 2025) жарыяланды.Тизмеге жалпы 984 университет кирген.

Автор: Т-Медиа > 390 макала