БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар

Кыргызстандын аракеттеги медиа платформасы Матцаковдун иши боюнча бийликке кайрылды

Кыргызстандын аракеттеги медиа платформасы Матцаковдун иши боюнча бийликке кайрылды

Сүрөт интернеттен алынды

Кыргызстандын аракеттеги медиа платформасы абактагы адвокат Самат Матцаковдун камалышында укук бузуулар бар экендигин билдирип, президент Садыр Жапаровго жанан Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевга кайрылуу жасашты. 

Аталган платформа Матцаковдун ишинде олтуттуу процессуалдык мыйзам бузуулар бар, баш коргоо чарасы тең салмактуу эмес деп эсептейт. Ошондой эле Матцаковдун кесиптик ишмердиги куугунтукка алуунун себеби болушу мүмкүндүгү, бул укуктук мамлекетте жол берилгис көрүнүш экени айтылган.  

Платформа жогорудагы айтылган нерселерди негиз кылып, адвокаттын баш коргоо чарасын өзгөртүүнү, тергөө органдарынан Самат Матцаковдун күнөөсү боюнча так далилдер жок болсо, аны куугунтуктоону токтотууга чакырды.  

“Самат Матцаковдун камалышы жана жалпы эле адвокатурага болгон кысым укуктук мамлекетке коркунучту жаратат. Көз карандысыз адвокатура болбосо сөз эркиндигин, адилеттүүлүктү, журналисттердин укуктарын коргоо мүмкүн эмес. Бийлик Самат Матцаковду боштондукка чыгарып, куугунтуктоону токтотуу менен саясий эркти жана адилеттүүлүк принциптерине берилгендигин көрсөтөт деп ишенебиз”, -деп жазылган кайрылууда.

Эске салсак, жактоочу Самат Матцаков Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан 29-ноябрда кармалганы белгилүү болгон. Ал журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, ага "Алдамчылык" беренеси менен кылмыш иши козголгонун айткан. Жактоочунун үйүндөгү тинтүүдөн кийин тергөөчүлөр Имамидин Ташовдун ишине байланышы бар төрт дискти алып кетишкенин кошумчалаган.

Кийин УКМК Матцаков боюнча комментарий берип, ал сот органдарынын ишенимине кирип, 22 миң доллар акчаны ээлеп алганын кабарлаган. Мындан сырткары Башкы прокуратура тарабынан экинчи кылмыш иши козголгону айтылган.  

Бишкектин Биринчи май райондук соту анын бөгөт чарасын 30-ноябрга караган түнү карап, 30-декабрга чейин тергөө абагына камакка алган.

Самат Матцаков камакта жаткан KG Group курулуш компаниясынын ээси Имамидин Ташовдун адвокаты. Ошондой эле журналист Актилек Капаров, акын Аскат Жетигендин да укуктарын коргоп жүрөт.

Автор: Осмонова Айдана > 808 макала