БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Кыргызстандын футбол боюнча жаштар курамасы Түркмөнстанды жеңди

Кыргызстандын футбол боюнча жаштар курамасы Түркмөнстанды жеңди

Сүрөт интернеттен алынды

2025-жылкы Азия кубогунун тандап алуу оюндарынын алкагында Кыргызстандын футбол боюнча жаштар курамасы Түркмөнстан менен беттешти. Жыйынтыгында оюн 1:0 эсебинде Ак шумкарлардын пайдасына чечилди.

Беттеш Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо 27-сентябрда болуп өттү. Оюндун экинчи бөлүгүнүндө Бекназ Алмазбеков пенальти аркылуу гол киргизди. Бул Азия кубогуна тандап алуу оюндарынын алкагындагы экинчи жеңиш. Буга чейин кыргыз спортчулары Мьянманы 2-0 эсебинде жеңген.

Эми 29-сентябрь күнү жаштар курамасы тайпадагы акыркы оюнда Жапония менен кез келет.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын жаштар курама командасы I тайпада Мьянма, Түркмөнстан жана Жапония командалары менен бирге жайгашкан. Тандап алуу оюндарына жалпысынан он тайпага бөлүнгөн 45 курама команда катышууда. 

Азия биринчилигинин финалдык бөлүгүнө тайпанын жеңүүчүсү жана тайпада эң мыкты көрсөткүчтөр менен экинчи орунду ээлеген беш курама жолдомо алат.

 

Автор: Боромбаев Максат > 116 статей