БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Кыргызстандын кооз сүрөттөрү National Geographic журналында. Автор менен маек

Кыргызстандын кооз сүрөттөрү National Geographic журналында. Автор менен маек

Сүрөт: Нурсултан Аттокуров

Жакында эле жаратылыш темасын чагылдырган дүйнөгө белгилүү National Geographic журналында Кыргызстандын табиятынын ажайып сүрөттөрү жарыяланды. Өлкөбүздүн кооз сүрөттөрүнүн автору- Нурсултан Аттокуров.

Ал акыркы төрт жылдан бери Кыргызстандын табиятынын кооз, өзгөчө жерлерин сүрөткө тартып, дүйнөгө таанытып келет. "Т-Медиа" бул жолу таланттуу сүрөтчү Нурсултан Аттокуров менен анын ишмердүүлүгү, жумушундагы кызыктуу учурлары жөнүндө маек курду.

Саламатсызбы, Нурсултан учурда эмне жумуш менен алектенип жүрөсүз?

- Азыркы учурда "Контент креатор" деп коёт ошол менен алектенип жүрөм. Көбү бизди блогер дешет, бирок бизди саякатчы сүрөтчү  же  “Контент креатор”  деп айтса туура болотко дейм. Сүрөт, видео тартабыз. Негизинен туризмге байланыштуу бардык нерсени тартып, ошолор менен иштешебиз. Бирок кесибим боюнча тарыхчы, этнографмын. Бишкектеги Кыргыз улуттук университетти бюджеттик негизде аяктаганмын. Кесибим боюнча иштеген жокмун. Бирок кесибим сүрөтчү жумушума керектүү жерлерде жардам берет.

Сүрөт тартууга эмнеден улам кызыгып калгансыз?

- Мен өзү мурда жөн эле сүрөт тартып жүрө берчүмүн. Анан 2020-жылы бир фото тартып, интернетке жарыялаганымда, ал дүйнөгө бат эле тарап кеткен. Бул мага ошол кездерде чоң жетишкендик болгон. Анан бир эле сүрөт ушундай тараса, мунун келечеги бар. Демек, буга оолуттуу көз караш менен аракет кылып, иштеп көрүш экен керек дегенмин. Ал сүрөттүн аты "Алёшкин дом" деп аталып калган.. Аны 30-40 жолу тарткам. Жатып алып, туруп, алыс барып, жакын барып. Анан жакшы жыкканын киргизгенмин. Карап көрсөм Европада, дүйнө жүзүндө бул тармак "контент -креатор", "контент-мейкер" дегендер бар да. Ал эми Кыргызстанда бул тармакты көбү түшүнүшпөйт. Бирок акырындап түшүнүп келип жатышат. Негизи эле акыркы 10 жылдын ичинде канчалаган тармак пайда болуп жатат.  Мисалы, мурда SMM деген түшүнүк жок болчу, азыр бул кадимки  кесип катары кабыл алынып калды.

Сүрөттөрүңүзгө National Geographic журналы кантип кызыгып калды? Акыркы ийгиликтериңиз жөнүндө да айтып берсеңиз? 

- 2023-жылы мага күз айында Кыргызстандын туризм департаментинин маркетинг башкармалыгынан чалышты. Алар “сиздин сүрөттөрүңүздү National Geographic журналына тандап жатабыз” дейт.  Анан мен тизмеге жараша сүрөттөрдү бердим. Ошолордун ичинен тандап алып төрт сүрөтүм журналдын 59-бетине 2024-жылдын февраль айында жарыяланды. Журналдын кийинки сандарына дагы башка сүрөттөрүм чыгып калышы мүмкүн экен. Мындан сырткары жакында эле эл аралык BBC басылмасына сүрөттөрүм жарыяланып, интервью бердим. Анан Кыргызстандын бардык аэропортторундагы сүрөттөрдүн дээрлик 60%ы мен тарткан сүрөттөр. Ошондой эле учактын ичиндеги борттогу журналдардын ичине сүрөттөрүм өзүмдүн кыскачы биографиям менен чыккан. Башка мамлекеттерден чакыруу алып барып келдим.

Эмне үчүн бир гана жаратылышты сүрөткө тартасыз? 

- Биздин команданын миссиясы - элдердин буту баспаган жакка барып сүрөт, видео тартып келүү. Кыргызстанда эң бийик үч чоку бар. Биз алардын башына чыкпасак да, тоонун түгөндөгү лагерлерге барып, контент даярдап келебиз. Бир-эки жумалап жүрүп калабыз.  Эсептесек, өлкөдөгү жүзгө жакын көлдөргө барыптырбыз. Анан Кыргызстанда жети облусунун баарына бардык. Негизи биздин максат жаратылышты эле кооз кылып тартып койбой, анда кандай жерлер бар, канча чокусу, канча району бар канча дарыясы бар деген сыяктуу суроолорго жооп табуу. Биз ошол жерлерди башкаларга таанытуу жана ошол эле учурда эмнеге андай аталып калганын элге жеткирүү максатында иштеп жатабыз.

"Команда болуп менен иштейбиз"деп айтып калдыңыз. Топто канчооңуздар иштейсиздер? Баарыңыздар сүрөт тартасыздарбы?

- Биздин командада азыр беш адамбыз. Баарыбыз сүрөт, видео тартабыз, универсалбыз десем болот. Бирок ар бирибиз бир тармактан күчтүрөөкбүз. Мисалы, бирөө операторлук жакты жакшы түшүнсө, бирөө жакшы сүрөт тартат. Дагы бири мобилограф, дрон учургандар бар. 

Бут баспаган жактарга барып, кокустук болуп, жараат алып калган учурлар болду беле? Дээгеле жумушуңуздун кандай кыйынчылыктары бар?

- Оолуттуу деле катуу жараат алып калган учурлар болгон эмес. Биздин командада көпчүлүгү 3-разряддагы альпинистрер. Мен өзүм дагы альпинизм боюнча эки жума атайын окуулардан өткөнмүн. Ал жакта тоодо өзүн кантип алып жүрүү керек, биринчи жардамды кантип көрсөтүш керек жана башка ушул сыяктуу нерселерди үйрөнгөнбүз. Азыркы күндө жаратылышка чыкканда учурлар болот. Чалынасың, кичине жыгыласың. Андайлар негизи дайым эле болот. Санап отурсаң оорчулуктар көп эле экен. Көбүнчө тоодо жүргөндө анда жаан жайт, кар жайт, суу болосуң, ооруп каласың тумоолоп. 40, 30 киллограмдык чоң көлөмдөгү баштыктарды көтөрөсүң. Аны менен жумалап тоонун башында жүрө беребиз. Чыгымы да көп. Мисалы, тоого чыкканы ыңгайлуу бут кийимдин өзү эле орто эсеп менен 200-300 доллар турат. Палаткалар дагы арзан эмес дегендей. Ошол эле жаратылышты тарткан фотоаппараттар, техникалар кымбат турат. Негизи мунун артында көп эмгек бар.

Кыргызстандын жаратылышын дүйнөгө таанытууда мамлекеттен кандай иш-аракеттерди, колдоону күтөсүз?

- Мамлекеттен азырынча "Эмне жардам керек бизден?" же болбосо "Азаматсыздар! Сиздерге бюджеттен мынча бөлүп берели" деген  нерселерди уга элекптиз. Болгон дагы эмес. Балким, болуп калаар. Бирок белгилеп кетчү нерсе  National Geographic журналына департаминттин түздөн-түз чоң кызматы бар. Айтайын дегеним, биздин тарткан сүрөттөрүбүздү саясатка колдонушса, эмгегибиз текке кетип калат.

Нурсултан Аттокуровдун National Geographic журналына жарыяланган сүрөттөрү:

Автор: Улукбек кызы Асем > 318 статей