БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Сот Күрөш федерациясынын вице-президентин эч жакка кетпөө тил каты менен бошотту

Сот Күрөш федерациясынын вице-президентин эч жакка кетпөө тил каты менен бошотту

Сүрөт: prosports.kg

Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча федерациясынын вице-президенти Ахрор Иминов 16-ноябрда эч жакка кетпөө тил каты менен бошотулду. Бул тууралуу "Т-Медиага" 23-ноябрда Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматы билдирди. 

 

Иминовдун бөгөт чарасы УКМКнын тергөөчүсүнүн арызынын негизинде өзгөртүлгөн. 

Эске салсак: Ахрор Иминов атайын кызмат тарабынан үстүбүздөгү жылдын 11-октябрында кармалып, 4-декабрга чейин камака алынган. УКМКнын маалыматына караганда, ал жүктөрдү ташуу жана логистика боюнча бир катар компаниялардын ишмердүүлүгүнө катышып, уюшкан кылмыштуу топтун жалпы кассасы үчүн (жалпы кирешеден болжол менен 30 пайыз) каражат чогултууга катышкан.

Автор: Осмонова Айдана > 613 статей