БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд доллардан ашты

Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд доллардан ашты

Сүрөт интернеттен алынды

Үстүбүздөгү жылдын октябрь айынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын мамлекеттик тышкы жана ички карызы 6 миллиард 590 миң долларды түздү. Мындай маалыматты Каржы министрлиги билдирди.

Маалыматта караганда, мунун ичинен 4 млрд 482,43 млн доллар тышкы карыз, ал эми 1 миллиард 518,16 миллион доллар бул ички карызды түзөт. Бир айдын ичинде мамлекеттик карыз 13,58 миллион долларга өстү. Тышкы карыз 4,15 миллион долларга азайып, ички карыз 17,72 миллион долларга өскөн.

Тышкы карыздын 38,1% же 1 млрд 705,85 млн доллары Кытайдын Эксимбанкына төлөнөт.

Буга чейин Министирлер кабинетинин төрөгасы Акылбек Жапаров Кыргызстан 2023-жылы тышкы карыздын 360 млн долларын төлөгөнүн билдирген.

Автор: Улукбек кызы Асем > 318 статей