БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Окуучулар катуу сууктан улам үч күн онлайн окутууга өттү

Окуучулар катуу сууктан улам үч күн онлайн окутууга өттү

Сүрөт интернеттен алынды

Катаал аба ырайына байланыштуу Кыргызстандын бардык мектептери 13-декабрдан 15-декабрга чейин онлайн окутууга өтүштү. Бул тууралуу "Т-Медиага" бүгүн, 13-декабрда Билим берүү министирлигинин маалымат кызматы билдирди.

Ал арада социалдык тармактарда ата-энелер онлайн окуу тууралуу маалымат кеч берилгенин айтып министрликти сындап жатат. 

Синоптиктер бул жумада облустун тоолуу аймактарында түнкүсүн -30 градуска чейин суук болорун айтышкан. Ал эми Өзгөчө кырдааладар министирлиги өлкөдө 13-14-декабрь күндөрү аба ырайы кескин төмөндөшү боюнча шашышылыш билдирүү таратып, жолдор тайгак болгондуктан узак жолго чыкай турууну эскерткен.

Автор: Улукбек кызы Асем > 318 статей