БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

ТИМ кыргыз дипломатынын полициянын басымына кабылганы үчүн Орусияга нота жиберди

ТИМ кыргыз дипломатынын полициянын басымына кабылганы үчүн Орусияга нота жиберди

Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин консулдук бөлүмү/ Сүрөт интернеттен алынды

Тышкы иштер министрлиги орус полициясынын Кыргызстандын Москвадагы элчисинин кеңешчиси Манас Жолдошбековго карата жасаган мамилесине байланыштуу нота тапшырды. Окуяга байланыштуу 12-апрелде Бишкекте министрликтин Консулдук департаментинде Орусиянын элчилигинин консулу-кеңешчи Андрей Бурьев менен жолугушуу өттү.

ТИМдин басма сөз кызматынын кабарлашынча, мындай аракеттер эл аралык келишимдерди одоно бузуу болуп эсептелет. Ошондой эле дипломатиялык мекемелердин кызматкерлери өзгөчө статуска ээ экени кошумчаланган.

"Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн аккредитацияланган кызматкерлерине карата Орусиянын укук коргоо органдарынын кызматкерлери тарабынан мындай аракеттер кабыл алынгыс экени белгиленди. Окуя боюнча дыкат териштирүү жүргүзүлүп, күнөөлүлөрдү кыска мөөнөттө жоопко тартуу талап кылынды. Орусиянын элчилигинин консулу-кеңешчи Андрей Бурьев бул факты боюнча өкүнүчүн билдирүү менен, Орусиянын Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын нотасын алгандыгын тастыктады. Анын негизинде учурда тиешелүү текшерүү жүрүп жатат", - деп айтылат маалыматта.

 8-апрелде полиция Кыргызстандын Орусиядагы элчисинин кеңешчиси Манас Жолдошбековдун үйүнө мыйзамсыз бастырып кирип, анын миграциялык каттоо боюнча документтерин талап кылышкан. Жыйынтыгында дипломаттын аялына физикалык, жашы жете элек балдарына психологиялык зыян келтирген.

Автор: Улукбек кызы Асем > 318 статей