БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Кыргызстанга жумуртканы импорттоого убактылуу тыюу салынышы мүмкүн

Кыргызстанга жумуртканы импорттоого убактылуу тыюу салынышы мүмкүн

Сүрөт: Sputnik / Константин Михальчевский

Кыргызстанга тоок жумурткаларын ташып келүүгө алты айлык мөөнөткө тыюу салуу сунушталды. Токтомду 7-майда Айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министрлиги коомдук талкууга койду.  

Документ өлкөдөгү азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу, бааны турукташтыруу жана ата мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоо максатында иштеп чыгылган. Мыйзам долбоордун негиздемесинде Кыргызстанда жумуртка өндүрүү 90-100%га жеткени айтылат. 

"Андан тышкары жай-күз мезгилинде үй чарбаларында жумуртка өндүрүүнүн олуттуу өсүшү байкалат. Ушуга жараша бул мезгилде жумуртканын сактоо мөөнөтү кыскарат жана жумуртка кампаларда ашыгы менен толот. Ошондой эле бул мезгилде талапка ылайык сактоого жатпаган, азык-түлүк коопсуздугунун сапаты талапка ылайык жооп бербеген тооктун жумурткасын өлкөгө ташып келүү коркунучу күчөйт", - деп айтылат маалыматта.

Аталган токтомдун реэкспортго жана Кыргызстан аркылуу жумуртка транзитин уюштурууга тиешеси жок.

Ветеринардык кызматтын маалыматында, былтыр тогуз айда Евразия Экономикалык Биримдиги (ЕАЭБ) өлкөлөрүнүн аймагынан 151,4 млн даана жумуртка ташылып келинген. Бул 2022-жылга караганда 30 миллион даанага көбүрөөк.

 

Учурда Кыргызстанда жүзгө жакын жумуртка өндүргөн ишкана жана 60тан ашык катталбаган чакан, орто жана ири ишканалар иштеп жатат.

Автор: Анарбаева Наргиза > 110 статей