БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Кыска мөөнөттүү бакчаларга оюнчук, өнүктүрүү куралдарды жеткирилүүдө

Кыска мөөнөттүү бакчаларга оюнчук, өнүктүрүү куралдарды жеткирилүүдө

Сүрөт: Билим берүү министрлиги

Билим берүү министрлиги  "Келечек үчүн билим берүү" долбоорунун алкагында түзүлүп жаткан кыска мөөнөттүү бала бакчаларга керектүү болгон материалдарды жеткирүүдө.

Учурда 289 объектке оюнчуктар, өнүктүрүү куралдары берилип, заманбап балдар аянтчаларын орнотуу иштери да жүргүзүлүүдө. Жалпысынан кыска мөөнөттүү 560 бала бакчанын 255инде оңдоп-түзөө иштери жыйынтыкталды.

Кыска мөөнөттүү бала бакчалар Дүйнөлүк банктын каржылоосу менен ишке ашып жатат. Бакчада балдар үч саат болушат, аларды өнүктүрүүгө мамлекеттик стандарттын неигизинде жетиштүү убакыт бөлүнөт. Болгону уйку жана тамак берүү каралган эмес. 

Мындай бала бакчалар экономикалык жактан үнөмдүү жана 3 сааттык болгондугуна байланыштуу эки нөөмөт менен эки эсе көп баланы камтый алат. Ал үчүн жергиликтүү бийлик өз балансындагы же ошол аймактагы пайдаланылбай турган авариялык абалда эмес имаратты сунуштаса болот. Мисалы, айыл өкмөт бир бөлмө үчүн өтүнмө берсе демек, ал жерде бир тайпа ачылат (25 бала кабыл алынат) жана эки нөөмөт менен 50 баланы камтый алат. Эгер, эки бөлмө сунушталса, 100 , үч бөлмө сунушталса, 150 баланы кабыл алса болот.

Сунушталган имарат Билим берүү министрлигинин тизмегине кирсе оңдоп-түзөөдөн өткөрүлөт. Балдар үчүн санитардык-гигиеналык шарттар, заманбап балдар аянтчасы курулат. Ошондой эле бала бакча үчүн керектүү болгон эмеректер, оюнчуктар, окутуу-өнүктүрүү куралдары жана тарбиячы үчүн колдонмолор берилет. Мындан сырткары бул бакчаларга жаңыдан жумушка алына турган 700 тарбиячы окутуудан өткөрүлөт.

Кыргыз өкмөтүнүн маалыматы боюнча, өлкөдө 1-6 жаштагы 960 миң баланын 740 миңдейи бала бакчага барбайт.

 

Автор: Боромбаев Максат > 110 статей