БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Кыска мөөнөттүү бала бакчаларга кабыл алууда аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө артыкчылык берилет

Кыска мөөнөттүү бала бакчаларга кабыл алууда аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө артыкчылык берилет

Сүрөт: Билим берүү министрлиги

Өлкөдө уюштурлуп жаткан эки нөөмөт менен иштеген 560 бала бакчага аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары биринчи кабыл алынат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди. 


Маалыматка караганда, министрликтин алдындагы Дүйнөлүк банктын долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмүнүн адистери, октябрь жана ноябрь айларында Талас, Жалал-Абад, Ош облустарындагы жыйырма район, шаарда жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары жана ата-энелер менен жолугушкан. 

"Жолугушууларда долбоордун өкүлдөрү кыска мөөнөттүү бала бакчаларга балдарды кабыл алууда социалдык аз камсыз болгон, толук эмес, көп балалуу жана мигранттардын кирешесинен көз каранды болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына артыкчылык берилиши керектигин белгилешти. Аларга мындай бакчаларда билим алуу акысыз боло турганын кабарлашты", -деп айтылат маалыматта. 

Кыска нөөмөттүү бала бакчалар Билим берүү жана илим министрлиги Дүйнөлүк банктын каржылык колдоосу менен ишке ашырып жаткан "Келечек үчүн билим берүү" жана "Окутуунун негиздерин бекемдөө" долбоорлорунун алкагында түзүлүүдө. Учурда 290 объектте оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатат, дагы 270 объект үчүн тендер жарыяланган.

Кыска убакыттагы бала бакчаларга 3-5 жаштагы 20 миңден, 40 миңге чейин баланы камтуу пландалган. Бул бакчаларда наристелер күндүз үч саат болушат. Негизги көңүл балдарды өнүктүрүүгө бурулуп, тамак берилбейт жана балдар бакчада уктабайт. Эки нөөмөт менен (эрте менен жана түштөн кийин) эки эсе көп баланы камтый алат. 

Автор: Т-Медиа > 355 статей