БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар
Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолунун курулушу башталды
Бүгүн, 27-декабрда Жалал-Абад шаарында президент Садыр Жапаровдун, Кытай менен Өзбекстандын өкүлдөрүнүн катышуусунда Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушун баштоого старт берилди.
Маалыматка караганда, темир жол Кашкардан башталып, Торугарт ашуусунан өтүп, Жалал-Абадга келип, Өзбекстандын Анжиян шаарынан бүтөт.
Жалпы узундугу 523 чакырым, анын 305 чакырымы Кыргызстандан өтөт. Жалпысынан 27 тоннель, 46 көпүрө курулат.
Кыргызстандын Министрлер кабинети менен “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу компаниясы” ишканасы 20-декабрда инвестициялык макулдашууга кол койгон.
Бул стратегиялык долбоор ишке кирсе, Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүүдө маанилүү роль ойной турганы айтылып келет.
Автор: Улукбек кызы Асем > 428 макала
- Sun
- Mon
- Tue
- Wed
- Thu
- Fri
- Sat