БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар

Кытайда стадиондун алдында машыгып жаткан адамдарды унаа сүзүп, 35 киши каза болду

Кытайда стадиондун алдында машыгып жаткан адамдарды унаа сүзүп, 35 киши каза болду

Сүрөт: РИА новости

12-ноябрга караган түнү Кытайдын Чжухай шаарындагы стадиондун алдында машыгып жаткан топ адамды унаа сүзүп кетти. Кырсыктан кеминде 35 адам каза болуп, 43 адам жаракат алганын BBC жазды.

Машинаны башкарган 62 жаштагы айдоочу качып кетүүгө аракет кылып, бирок полиция тарабынан кармалган. Жаракат алгандардын көбү улгайгандар жана өспүрүмдөр. Бул окуя "олуттуу кол салуу" деп бааланып, унаанын ээси өзүнө кол салып, комага түшкөнү маалымдалды. 

Күч органдарынын алдын ала тергөө жыйынтыгы боюнча, айыпталуучу аялы менен ажырашкандан кийин мүлк талашууларынан нааразы болуп, элди унаа менен сүзгөнүн айткан.

Автор: Улукбек кызы Асем > 424 макала