БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Кызамык менен ооругандар эң көп Бишкек, Ошто катталууда

Кызамык менен ооругандар эң көп Бишкек, Ошто катталууда

Сүрөт интернеттен алынды

Жыл башынан бери өлкө боюнча кызамык менен ооруган 3618 учур аныкталды. Вирус аныкталгандардын басымдуусу Бишкек шаарынын жана Жалал-Абад,Чүй облустарынын тургундары. Бул тууралуу республикалык иммунопрофилактика борбору кабарлады. 

 

Кызамык менен катталгандардын 88%ын он жашка чейинки балдар түзөт. Алардын 87 пайызы ар кандай себептер менен эмдөө алган эмес. Мекеменин маалыматына ылайык, оорунун жайылышын токтотуу үчүн калктын 95% дан жогору бөлүгү эмдөөдөн өтүшү керек.

Кызамык - аба аркылуу жугуучу жугуштуу вирустук оору. Илдет эмдөө албаган же иммунитетти начар адамдарга өтө тез жугат. Бир адамдан аны менен байланыш түзгөн ондогон адам илдетти жуктуруп алышы мүмкүн. Вирустар адам жөтөлгөндө, сүйлөгөндө, чүчкүргөндө абаны булгайт. Оору соо адамга вирустар менен булганган абадан дем алганда жугат. Кызамык менен бардык жаштагы кишилер ооруйт. Инкубациялык мезгили 16-21 күн.

Кызамыктын белгилери:

  • 38-40°Сга чейин жогорку температура;
  • мурундун бүтүшү, суу куюлушу;
  • бат-бат кургак жөтөл;
  • тамактын кызаруусу;
  • үндүн кырылдашы;
  • көздөн жаш агуу;
  • моюн, желкенин шишип оорусу;
  • кулактын оорушу;
  • жарыкты карай албай калуу;
  • баш оору;
  • 1-2 күндөн кийин денеге кызылдар чыга баштайт.

 

Автор: Улукбек кызы Асем > 318 статей