БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

"Кыздар көчөдө күндүз да баса албай калды". Шакиев видеокөзөмөлдү күчөтүүнү сунуштады

"Кыздар көчөдө күндүз да баса албай калды". Шакиев видеокөзөмөлдү күчөтүүнү сунуштады

Сүрөт ru.sputnik.kg сайтынан алынды

Жогорку Кеңештин 22-ноябрдагы жыйынында төрага Нурланбек Шакиев коомдук жайларда видео көзөмөлдү көбөйтүүнү сунуштады. Ал жаңы төрөлгөн ымыркайлар көчөдөн табылган үч окуяны мисал кылып, коомдук коопсуздукту күчөтүү зарылдыгын белгиледи. 

 

Шакиев мындай сунушун өлкөдө аялдарга карата зордук-зомбулук күчөп жатканы, кыз-келиндер түнү эмес күндүз да көчөдө жүргөнү кооптуу болуп баратканы менен байланыштырды. 

"Мен кечээ ички иштер министри Улан Ниязбеков менен жолугуп, бул маселени талкууладык. Коомдук жайларга видео көзөмөл орнотууну күчөтүү зарыл. Себеби биздин кыз-келиндерге түнкүсүн эмес, күндүз да жүрүү коркунучтуу болуп калды. Милиция ишти күчөтүлгөн тартипте алып барбаса - бул коомго чоң коркунуч", - деди Шакиев.

Бир айда үч окуя

Кыргызстанда ноябрдын башынан бери жаңы төрөлгөн ымыркайды көчөгө таштап кеткен үч факты катталды. 18-ноябрда Жалал-Абад шаарынын Спутник шаарчасындагы таштанды таштоочу жайдан ымыркай кыз табылды. 

19-ноябрда Бишктеги Арча-Бешик конушунда үйлөрдүн жанынан кагаз кутунун ичинен желим баштыкка оролгон жаңы төрөлгөн ымыркай бала табылды. Ошол эле күнү соцтармактарда милиция кызматкерлери баланы төрөт үйүнө жеткирген видео тараган. Эртеси ымыркайын көчөгө таштап кетти делген 20 жаштагы кыз кармалган.  

Буга чейин 8-ноябрда Бишкекте желим баштыкка салынган ымыркай таштанды челектен табылган. 11-ноябрда баланын энеси кармалып, сыртка чыкпоо тил каты менен бошотулган. Бул окуялардан кийин Жогорку Кеңештин 20-ноябрдагы тармактык жыйынында депутат Эльвира Сурабалдиева төрөт үйлөргө "бэби-боксторду" ачуу сунушун кайра көтөргөн. 

Кыргызстанда ташталган балдар боюнча расмий статистика жок. Буга чейин жаңы төрөлгөн наристелерди көчөдөн, ажатканадан табылган учурлар болгон.   

Автор: Анарбаева Наргиза > 142 статей