БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар
Кызыл-Кыя: темир түркүк башына тийип жыгылган студент каза болду
Төрөбай Кулатов атындагы Кызыл-Кыя тоо-техникалык колледжинин студенти Нурсултан Эргешов 29-декабрга караган түнү ооруканада каза болду. Бул тууралуу "Т-Медиага" маркумдун жакындары билдирди.
Кырсык 26-декабрда болгон. Нурсултандын апасы Фарида Жороева баласынын адистиги автоунаа мастери экенин айтат. Бирок мугалимдер “практикалык иш” деп студенттерге түркүктөрдү ташыткан. Айтымында, окутуучулар курулуш шаймандарына жардам бербегендерге “сабактардан баа коюлбайт” деген талап койгон.
Ал эми колледждин мугалимдер жамааты кокустук болуп кеткенин айтууда. Директору болсо “түркүк ташыбагандарга баа коюлбайт” деген сөздү четке какты.
Кызыл-Кыя шаардык милициясы окуяны кокустук фактысы менен каттоого алган. Мекеме териштирүүнүн жыйынтыгы менен окуу жайдын жооптуу кызматкерлерине юридикалык баа берилерин билдирди.
17 жаштагы Нурсултан үй бүлөөсүндө беш бир туугандын улуусу болгон.
Автор: Улукбек кызы Асем > 428 макала
- Sun
- Mon
- Tue
- Wed
- Thu
- Fri
- Sat