БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар

Кызыл-Кыядагы мечиттен жаңы төрөлгөн ымыркай табылды

Кызыл-Кыядагы мечиттен жаңы төрөлгөн ымыркай табылды

Сүрөт: Баткен облустук милициясы

Кызыл-Кыя шаарындагы мечиттин ичинен ымыркай бала табылганын 3-январда Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка карганда, “Аль-Гуфран” атындагы мечитке эрте менен азан чакыруу үчүн молдо барган учурда ак шейшепке оролгон наристе табылган.

Бул факт боюнча учурда текшерүү иштери жүргүзүлүүдө. Ал эми табылган ымыркай Кызыл-Кыя шаардык биргелешкен ооруканасына жеткирилип, медицина кызматкерлеринин көзөмөлүнө алынган. Абалы туруктуу экени айтылды.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана Миграция министрлигинин маалыматына ылайык, былтыр Кыргызстанда 14 ымыркай ташталган.

Ушул сыяктуу окуялардан кийин коомчулукта төрөп, багууну каалабаган энелер үчүн ымыркайларын калтыруучу атайын жайларды ачуу зарылдыгы тууралуу маселе парламентте да көтөрүлгөн. 

 

Автор: Боромбаев Максат > 157 макала