БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар
Майлу-Суу: кызын урган ата камакка алынды
Ички иштер министрлиги кызын сабап, видеого тарткан жаран кармалганын билдирди. Майлуу-Суу шаардык милициясына анын аялы арыз менен кайрылган.
Ал арызында 14-ноябрь күнү жолдошу аны улуу кызы менен эч бир себепсиз үйүнөн кууп чыкканын, үйдө уулу менен кичүү кызы калганын жазган. Жолдошу беш жаштагы кызын уруп, коркутуп видеого тартып жиберген. Факты боюнча 27-ноябрда тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.
41 жаштагы жаран Ноокен райондук ички иштер бөлүмүнүнө жеткирилип, учурда камакта. Ал эми аялына жана балдарына соттук-медициналык, соттук психолого-психиатриялык экспертизалар дайындалган. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.
Автор: Осмонова Айдана > 797 макала
- Sun
- Mon
- Tue
- Wed
- Thu
- Fri
- Sat