БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Эгемендүүлүк күнүндө бир катар мамлекеттик сыйлыктар тапшырылды

Эгемендүүлүк күнүндө бир катар мамлекеттик сыйлыктар тапшырылды

Сүрөт: президенттин администрациясы

Маданиятты өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн маркум акын, котормочу Түмөнбай Байзаковго, төкмө акын Элмирбек Иманалиевге жана сүрөтчү, актер Сүймөнкул Чокморовго "Эмгек баатыры" артыкчылык даражасы  ыйгарылды. Президент сыйлыктарын алардын жакындарына тапшырды. 

Мындан сырткары мамлекеттик ишмер, маркум Болот Мамбетовго "Ак-Шумкар"өзгөчө белгиси, "Кыргыз Республикасынын баатыры" наамы берилди. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев генерал-полковник, Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамырканов генерал-майор, Жаза аткаруу кызматынын төрагасынын орун басары Рахатбек Жапаров ички кызматтын генерал-майору наамын алышты. Ал эми "Эмгек баатыры" артыкчылык даражасын Токтогон Алтыбасарова, комузчу Самара Токтакунова, педагог окумуштуу жана коомдук ишмер Өмүрзак Мамаюсупов алды.

 

Экинчи даражадагы "Манас" ордени менен коомдук ишмер, жазуучу Осмонакун Ибраимов, профессор Өскөн Осмонов сыйланды. Үчүнчү даражадагы "Манас" ордени менен "Авиатрафик" ЖЧКсынын башкы директору Алик Аскаров, айыл-чарба ардагери Эркин Молдогазиев, Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик унвериситетин ректору Абдылда Мусаев, тарыхчы Дөөлөтбек Сапаралиев, журналисттер союзунун төрагасы Абдыкадыр Султанбаевге берилди. 

Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын ректору, профессор Индира Кудайбергенова "Курманжан датка" ордени менен сыйланды. Ошондой эле бир катар ишкерлерге, маданият кызматкерлерине, мамлекеттик сыйлыктар, президенттин ардак грамоталары ыйгарылды. 

Сыйлоо аземи 31-августта Эгемендүүлүк күнүнө жана Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдык мааракесинин алкагында өткөрүлдү. Азем президенттик администрациянын жаңы имараты - "Ынтымак ордодо" тапшырылды. 

Автор: Осмонова Айдана > 613 статей