БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Сот Нуркожоеванын колун сураган жигиттин абактагы мөөнөтүн эки айга узартты

Сот Нуркожоеванын колун сураган  жигиттин абактагы мөөнөтүн эки айга узартты

Сүрөт интернеттен алынды

Бишкектин Биринчи Май райондук соту президенттин карындашы Лаззат Нуркожоеванын колун сураган Афтандил Сабырбековдун жана анын бир тууган агасы Тариэл Сабырбековдун камактагы мөөнөтүн узартты. 

Чечим 30-июлда чыккан. Бир туугандар 3-октябрга чейин камакта болушат. 

Сабырбековдор баңгизатты сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо беренеси боюнча шектелүүдө. Афтандил Сабырбеков 5-июлда кармалган. Ал Биринчи Май Райондук сотунун чечими менен 3-августка чейин камакка алынган. 

Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов шектүүнүн башкы максаты өзүнүн мыйзамсыз иш-аракеттерин жашыруу үчүн жогорку бийликтегилерден калкалоочу адамдарды табуу болгондугун билдирген. 

Андан кийин Афтандил Сабырбековдун бир тууган агасы Тариэл Сабырбеков кармалып, ал дагы 3-августка чейин камалган

24-июнда президенттин карындашы Лаззат Нургожоева жигити Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин тик учагы менен келип колун сураган видеолорду социалдык түйүндөгү баракчасына жарыялаган. Окуя коомчулукта кызуу талкуу болуп, интернет колдонуучулар муну "ашыкча чыгым" деп сынга алышкан.

Анын эртеси мамлекет башчы Садыр Жапаров кайрылуу жасап, карындашы жаштык кылганын айтып, кыргыз элинен кечирим сураган. 

Президент буга чейин аткаминерлерди ысырапкорчулукка каршы күрөшүүдө элге үлгү болууга чакырып келген.  

Автор: Осмонова Айдана > 620 статей