БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар
Лейлекте өспүрүмдөргө нике кыйган молдо аныкталды
Лейлек районунун мечиттеринин биринде 63 жаштагы имам хатиби жашы жете элек өспүрүмгө нике кыйгандыгы аныкталды. Окуя үстүбүздөгү жылдын октябрында болгонун Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.
Бул факты Лейлек райондук ички иштер бөлүмүнө Кылмыш-жаза кодексинин "Диний ырым-жырымдарды өткөрүүдө нике курагы жөнүндө мыйзамдарды бузуу" беренеси менен катталып, сотко чейинки өнүдүрүш иштери башталган. Мындан сырткары аталган райондо жыл ичинде башка молдорлор тарабынан да жашы 18ге толо элек өспүрүмдөргө нике кыйган эки факты аныкталган. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
Кыргызстанда 2016-жылы 18 жашка жете электерге нике кыюуга тыюу салган мыйзам кабыл алынган. Анда үч жылдан беш жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган.
Автор: Осмонова Айдана > 795 макала
- Sun
- Mon
- Tue
- Wed
- Thu
- Fri
- Sat