БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар

«Мыкты мугалим» сынагынын жеңүүчүлөрүнө сыйлыктар берилди

"Мыкты мугалим" сынагынын жеңүүчүлөрүнө сыйлыктар берилди

Сүрөт: президенттин администрациясы

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 20-ноябрда "Жылдын мыкты мугалими" жана "Мыкты тарбиячысы" сынагынын жеңүүчүлөрүнө сыйлык тапшырды. 

Мамлекет башчы мугалимдерди куттуктап, Кыргызстандын тагдыры мектептеги билим берүүнүн абалы менен тыгыз байланыштуу экенин белгилеген. 

Мындан сырткары президент Бишкектеги №57 мектепте окуучунун апасы мугалимди тилдеген окуяга токтолгон. 

“Анда сабакты токтотууга эч кимдин укукугу жок эле. Мындай түркөйлүккө мектепте да, бала-бакчада да, керек болсо коомчулуктун кайсыл жеринде болбосун жол берилбеши керек” - деген президент. 

Быйыл сынактын жыйынтыгы менен 14 мугалимге сыйлык тапшырылды. Баш байгени жеңген Назгүл Каныбековага батир берилди. Дагы үч мугалим 300 миң сомдук сертификат, 10 мугалим 200 миң сом акчалай сыйлыкка ээ болду.

Автор: Осмонова Айдана > 795 макала