БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Президент Садыр Жапаров "Манас" эпосунун күнү менен куттуктады

Президент Садыр Жапаров "Манас" эпосунун күнү менен куттуктады

Сүрөт президенттин сайтынан алынды

"Манас" эпосу – кыргыздын улуттук сыймыгы, ооздон оозго  айтылып келген руханий улуу мурасы, дүйнөлүк элдик поэзиянын шедеври, нечендеген кылымдардан бери элдин туу туткан жол көрсөткүчү. Бүгүн президент Садыр Жапаров  "Манас" эпосунун күнү менен куттуктады.


Анда өлкө башчы кыргыз эли эпостун ээси, сактоочуусу, улантуучусу, улуттук идеологиянын башаты катары мааниси зор экендигин белгилеген. 

"Кызыл байрагыбыз, гербибиз жана гимнибиз мамлекеттин символдору болсо, "Манас" эпосу – улуттук иденттүүлүктүн символу. Кылымдар кыйырын кырча басып келаткан түптүү кыргыз журтунун элдүүлүгү, биримдиги улуу "Манас" дастанында кашкая таасын айтылган. Ал эми көп этностуу Кыргызстандын улуттук идеологиясынын башаты дал ушул улуу биримдиктен угут алат", -деген президент.

Мындан сырткары ал эпостун үчилтигин ар тараптуу изилдөө жана жайылтуу боюнча жарлыкка кол койгонун, "Манас" жана Чыңгыз Айтматов улуттук академиясы" мамлекеттик мекемеси "Манас" улуттук академиясы болуп өзгөртүлүп кайра түзүлгөнүн кошумчалаган. 

4-декабрь Манас күнү катары өкмөт тарабынан 2015-жылы 27-апрелде жарыяланган.

"Манас" эпосу 2013-жылы ЮНЕСКОнун маданий мурастар шедеврларынын тизмесине киргизилген. Ал дүйнөдөгү эң көлөмдүү эпос катары Гиннестин "Рекорддор" китебине да жазылган. 1995-жылы Кыргызстанда "Манас" эпосунун миң жылдыгы чоң салтанат менен белгиленген.

Автор: Осмонова Айдана > 613 статей